жандык
- Жан-жаныбар.
- Майда мал, кой-эчки.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Канча жашка чыкканча, / Улук болуп колума, / Алган бийлик мен бармын, - / Анда Манас кеп айтат: / — Ырчы уул менен Бозуул, / Эр Бакайга баргыла, / Жандыкты берсин Алмама, / Сурап келе калгыла!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ала албадык эл жандык, / Улукка барып кеп салдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Кызыл-Кыядан чыккандан бери көрүнгөн жандыктар ушул.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Шилтеп эле койсоң бардык жандыктар жол берет, сен издеген Алтын-Көлгө дагы бир күндүк жол калды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →