жандуу

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Жаны бар, тирүү, тирүү жандыктар дүйнөсүнө таандык.
  2. Ар кандай айбанаттардын, жаныбарлардын ж.б. жалпы аты, тирүү организм.
  3. Тың, чыйрак, шыпылдаган өткүр, эпчил.
  4. Кызуу, тынымсыз кыймыл-аракетте болгон, активдүү.
  5. Кандайдыр бир нерсеге жакын, ошого ынак, ошону жакшы көргөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жандуу менен жансыздын, / Тилин билет Кененим, / Баштан айтып жүрөбүз, / Сегиз миң жыл жашаган, / Азазилдин жолдошу, / Жүйрүн дөөнү өлтүрүп, / Тилин сууруп жегенин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жансызда камыш чоң болгон, / Жандууда балык зор болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жандуусунан жансызга, / Катуусунан жумшакка, / Чачылып жатат ар кайда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Жоону бет алып кылычын жанып, мылтык октоп, найзасын сунуп келе жаткандай теңи жок жандуу коп аскерди көргөндө мага баятан бери сезиктенип келаткан коркунуч ордуна кубаныч өңдүү бир белгисиз түс кирди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мына, большевиктердин силерге бере турган сыйлыгы...— дегендей жалындуу, жандуу сөздөрдү сүйлөгөн. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →