жандоочу
- Коштоочу, жандап жүрүүчү, жанында бирге жүрүүчү.
- Кыз куумай оюнунда кызды же жигитти коштоп жанында жүргөн жигит же келин.
- эск. Спутник.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тордогон бойдон чогулуп, / Айдап алып жөнөдү, / Жандоочу деген сепилге, / Барганын көзүм көрбөдү, / Хан туруп качкан караан, деп, / Калкынан безген арам, деп, / Аты менен өлсүн, деп, / Ачка кордук көрсүн, деп, / Кырк кулач бойу сепилге, / Атым менен таштады, / Азапты минтип баштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →