жандар

китептерде 99 жолу, 8 китепте
  1. Жандуу, жаны бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…уруттары бириндеп, / Этектери дирилдеп, / Зым-зым этип зымылдап, / Салтанаттуу Кененим, / Ак мейкин зоодой зымырап, / Жер бетинде айбандар, / Курт-кумурска көп жандар, / Коркконунан кобо албай, / Былк этпей жатат кыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ташбака болот дүкдүйүп, / Кирпи болот сүксүйүп, / Суусуз чөлдө жашаган, / Тамчы суудан татпаган, / Жандар болуп кубулат, / Кескектеп эптүү бурулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейитинин кылычтан, / Кан жошулат себээлеп, / Калкан туткан жандарды, / Кара жерге тебээлеп, / Балбандын баарын жеп болду, / Бук ичиме жык толду, / Качып келген желмогуз, / Арка болуп Тапан хан, / Эл азайып жок болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кутургур турат күркүрөп, / Көргөндүн бойу дүркүрөп, / Эси коркот кишинин, / Сийдиги чыгып бүркүрөп, / Ийинден чыкпай жандарлар, / Жүрөгү түшүп бүркүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көзүн ойуп ташташты, / Күнөөсүз нечен жандарды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →