жандан
- Өлдү деп эсептелген же тирүүлүгү шектүү болуп кыймылсыз же сулк жатып калган абалдан тирүүлүк белгилери билине баштоо, кыбыраган кыймыл-аракет пайда болуу, жан кирүү.
- Кызуу кыймылга кирүү, дуулдап күчөгөн, өркүндөгөн абалда болуу, өнүгө баштоо, күчөө.
- Кайдыгер, жайынча абалдан активдүү абалга өтүү, дем пайда болуу, кызыксынуу жагы күчөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Йобалыны хан Калдык: / — Барбай койсоң коркту дейт, / Жекеге чыксаң азыр бол, / Жалгызектин Бактыбай, / Жандан тойгон эсир кул, / Алың келбей баратсаң, / Камчы булгап белги бер, / Беттеше барып баарыбыз, / Түгөтө кырып кетели, / Кыргыз деген журутту, / Түбү душман бурутту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жабылып желдет жүгүрдү, / Сынчыбек жандан түңүлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Торсолдой келип коргонго, / Дарбазадан киргенде, / Кабылан Бакай, Каныкей, / Гүлчоро - үчөө жүгүрүп, / Муну көргөн Чанданбай, / Кадырлуу болгон калгандар, / Кара жандан түңүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Согушкан пенде соо калбай, / Соолгон жандан ажыраар, / Бердике айтып жиберди, / Эл жыйылган көпчүлүк, / Чуркурашып калышты, / Ким экенин ким билет, / Бирөөнүн айтып салышы: / “Жоо кадырын, жоо билет, / Гүлчоро менен Канчоро, / Ал экөөнөн башкадан / Буга беттеп ким кирет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Адамды аё деген жек, жандан кечкен бузук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →