жанда

китептерде 111 жолу, 10 китепте
  1. Жанында, жакын аралыкта болуу, жанаша катар басуу, катарлаша жүрүү.
  2. Жанына жакындап келүү, жанына чукул келүү.
  3. Бирге болуу, бир жүрүү, жакын мамиледе болуу.
  4. Кошомат кылып жакындоо, жагынып кошо жүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…үрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай шар агып, / Жандап өттү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки сандан кан агып, / Ачуусу келди Сазандын, / Сайдырганга арданып, / Колун сунуп арбайтып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…н, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / Келди айылга чукулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аны менен түгөнбөйт, / Атайлап кулак салыңар, / Колдоочуң жанда бар болуп, / Көрүнөө Кызыр жар болуп, / Ак туйгун болсо кушуңуз – / Душманга тийип мушуңуз, / Күлдү жооңун баарына, / Күндөй тийип табыңыз, / Көңүлү мейип багынып, / Күлдөгөн экен багыңыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эркектер улак тартышып, / Урумдан келген кыргыздын, / Эбедени эзилип, / Эт жүрөгү жетилип, / Түйүндүү сыры чечилип, / Жандап келип келиндер, / Акбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнарды, / Коргонго алды түшү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жандап өтө берерде, / Этегинен кармарда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →