жанаша
- Катар, бири-бирине жакын, катарлаш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дабытайды көргөндө, / Жаандан ашкан Кененим, / Жагалданып турду эле, / Жанаша келип Дабытай, / Кебин айтты мамындай: / — Эрегишке эр керек, / Эр башкарган эл керек, / Элебей сага катыштым, / Кадырлап каңгай келди, деп, / Эми таанып мен жеттим, / Эрдигиңди белгилеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ажыбай, Ырчы, Бозуул, / Бастырышып жанаша, / Баа-чаа топту караса, / Тоодой болгон Кошойду, / Көп калмак болуп топ-топ-топ, / Тийип чыгып токмоктоп, / Бүткөн бойун нан кылып, / Башын челек кан кылып, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чакыртып алды шум кызды, / Элди бузган бул кызды, / Эшиктен кирди суйсайып, / Өңү өзгөрүп кумсарып, / Жанаша барып олтурду, / Тапан ханга түз барып, / (Жан кишиге билинбей, / Арачынын келгенин, / Чойтолоңдун кептерин, / Угуп турган “кыз” барып.) / Тапан ханды бир кара…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ — Деп, ошентип хан Кыйаз, / Баштап алып барганы / Баарысы барып караса, / Канчоро, Кыйаз жанаша, / Өлүк тургай каны жок, / Басып кеткен изи жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Экөөбүз жанаша жатып алып, болор-болбосту кеп уруп көпкө кожурашып алгандан кийин, ичибиз кайгыдан бошоп, көңүлүбүз сергип калгандай көрүнөөр эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →