жанаш
- Жанына жакын жүрүү, жанаша туруу, катарлашкан абалда болуу.
- Жакындашуу, мамилеси жакын болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чакмакташтын тулпары, / Өлүгүнө капташты, / Өлгөн экен баатыр деп, / Өлтүргөн экен каапыр, деп, / Койуп кетип баратып, / Чакмакташтын тарп болгон, / Өлүгүнө жанашты, / Башын кесип албаптыр, / Сөөгү калган агарып, / Эттен неме калбаптыр, / «Барса барар каңгайга, / Жанбай экен аркага, / Калдыктын жүрбөй артынан, / Лопнурдун …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мен-мен деген үч балбан, / Катар учту камгактай, / Коркуп турат коросон, / Кырат экен бизди деп, / Бир кишини куткарбай, / Алоолонуп кеңкула, / Жаңыдан кызып алыптыр, / Жанашып шамал жете албай, / Чаңы аркада калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жойкуманы кындады, / Найзаны кармап ыргады, / Өкүрүп атын сабашып, / Ойрон Сыргак баатырга, / Жетти булар жанашып, / Качырып барып эр Сыргак, / Кылт эте берди буйткарып, / Калды булар адашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Торсолдойду хан Бакай, / Кармап колдон жетелеп, / Каныкей келет эңчеңдеп, / Гүлүстөн келет жанашып, / Көргөндүн баары карашып, / Кызыл тилдүү Керменбай, / Сетертай менен Каргалдай, / Сетертайдын багы деп, / Айтып жаткан дагы бар, / Торсолдойду кара, деп, / Суктанганы дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жаканын жалаң бойуна, / Жанашып айыл, бээ байлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →