жанат
- Күрөң сары түстөгү кымбат терилүү аң жана ошол аңдын териси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качырып кирди кызыталак, / Оозунан жалын от жанат, / Манастын уулу жаш Асыл, / Андан кайдан жазганат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кадимкидей найзаны, / Так көөдөнгө сайат деп, / Чарайнадан найза өтпөй, / Так этип кайра жанат деп, / Найзасы тайып кеткенде, / Жандап өткөн кездерде, / Анан канжар малам деп, / Алжыр турат белендеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түн ичинде шаарында, / Түгөл чырак жанат дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бук болуп калган сойулгур, / Тоңкочуктап ээленсе, / Бүктөй кармап камчыны, / Чокуга тартып ийбесин, / Күүсү жанат күлүктүн, / Кулактын түбү дыңдоокко, / Камчынын учу тийбесин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →