жаназа
- Өлгөн адамдарды коюлуучу жерине алып чыгардын алдында окулуучу дуба.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Катыны какшап зыркырап, / Бакытбай ыйлап буркурап, / Кара кыргыз калың эл, / Баарысы ыйлап чуркурап, / Көпчүлүк ыйлап бергенде, / Жалпы кыргыз элине, / Аа дүйнө кеткен жалгызек, / Жаккандыгын билди эле, / Жаназага келсин деп, / Туш-тушка кабар берди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Доораны токсон толуптур, / Жуугандарга тогуздан, / Баарына окшош болуптур, / Ыскат атын токутуп, / Жаназасын окутуп, / Аруулап таза жуудуруп, / Ак кепинге салдырып, / Айак-башын буудуруп, / Жасатын жерге жашырып, / Бүгүн мында түнө деп, / Он кишини жаткырып, / Уктатып койуп Үрбүнү, / Кыркына эли күтүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бардыгын бирдей сур байлап, / Ыскат атын токутуп, / Кыйаматтык дос болгон, / Кызыларстан молдого, / Жаназасын окутуп: / Бакай, Кошой карысы, / Көкбөрү, Төштүк, Каныкей – / Кеби бирге баарысы, / Айткандай Манас кылгалы, / Мамындай токтом кылганы: / — Жерлигине баатырды,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дооранын жакшы кылдырып, / Бидийасын өткөрүп, / Ыскатын токтутуп, / Кыйаматтык дос болгон, / Кызыл арстан молдого, / Жаназасын окутуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Шейит деп атын аташты, / Жаназа намаз кепинсиз, / Жарма көргө жайлашты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →