жанагы
- Мындан бир аз мурда болгон убакыт ичиндеги.
- Алиги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калдыгыңдын алы бу, / Жабыке менен Йобалы, / Шайын көрдүк жанагы, / Ырас-чынын айтканда, / Калдыктын кыйын амалы, / Хан Калдыктан башкасы, / Кармашка чыдап турабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Анткен менен жанагы, / Казактан келген Медеркан, / Айабай көөнү кир болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айтып бар, — деп, - ханыңа, / Жанагы Чынгыш залыңа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызылдын тизгинин, / Тең кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка кеткени, / Күрзүсү …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мына ошондо жанагы балакеттүү бала төрт арабанын ичинен сиздин кызыңызды таап алсын,эгер таба албай калса, сиздин убадаңыз кайра кайткан болот да,кызыңызды өзү каалаган кишиңизге бересиз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →