жан-жаныбар
- Жер жүзүндө жашаган бардык жандуулар, курт-кумурскалардын, канаттуулардын, айбанаттардын, адам баласынын жалпы аталышы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таң шооласы агарып, / Жан-жаныбар кыбырап, / Жандын баары мыдырап, / Таң атты деп үн салып, / Молдо торгой быжырап, / Салкын жел согуп абадан, / Айтумуш менен Чынгыш хан, / Аттанды баш-аламан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жан-жаныбар мыдырап, / Жолдун бети зуулдап, / Зыркаар жүрүп дуулдап, / Камыштын башы шуулдап, / Чымчыктын баары чулдурап, / Талааны бети закымдап, / Куткарбастын кошуну, / Болуп жаткан ызы-чуу, / Аттуусу атчан, жөөсү жөө, / Майданга карай чубурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жан-жаныбар тура албай, / Үн салышты чуркурап, / Камыштын башы куулдап, / Жыгачтын баары шуулдап, / Кыздар комуз каккандай, / Тоо жаңырып зыңылдап, / Суу бойуна тоңгон муз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Курт-кумурска, бөй-чайан, / Жан-жаныбар баары урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Туура жүрүп, кадыр-баркы артып, атак-даңкы чыгып, токойдогу бүткүл жан-жаныбар, канаттууларга угулат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →