жан-жак

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Туш тарап, туш-туш жак, ар тарап.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрдөн ачып алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Хан Каракөз кошуна, / Кирип барды Койтолоң, / Бойу бокор, үнү жоон, / Мойну узун койколоң, / Салам айтып ханына, / Басып кирди жанына: / — Каракөз, сардар, ханыбыз, / Аман-эсен жаныңыз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каптан кийип күрөкө, / Топчулугун топчулап, / Тулку бойун упчулап, / Туулгасын көмөрүп, / Чоң найзаны өңөрүп, / Дардаңдын кылган ишине, / Жаны ачып карарып, / Жан-жагына каранып, / Бактыбайдан бата алып, / Бастырып чыкты карданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Экинин бири энтеңдеп, / Эми келди дектеңдеп, / Ачып көрдөн алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сырга… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таң сүрөө мезгил болгону, / Асмандагы жылдыздар, / Кыбыла көздөй таралып, / Ойгонгондой түшүнөн, / Кирпик ирмеп Гүлнар кыз, / Жан-жагына каранып, / Өңүм болуп калды, деп, / Өз түшүнө таң калып, / Имерилип Гүлнар кыз, / Кыры менен жанашып, / Күн чыккандай жарк этип, / Жел жүргөндөй шаңк этип, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жан-жагыңа бурулбай, айгырды чечип алып, кирген жерден кайра ошол изиң менен чыккын, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →