жамыра
- Жабыла каптоо, жапырт бет алуу, каптап кетүү.
- Жайнап көп болуп чыгуу, жыбырап көрүнө баштоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Аларга жетпей калып, орто жолдон кайтып келе жатсам, калганы дагы жамырап, жүрүп калган экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ордубуздан тура калып, биз да жамырадык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Отту тегеректей отурган көп бүлөө мага жамырап, карай калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чокуда жатып, ушундай ойлор көз алдыбыздан бир заматта жамырап өттү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кыялдын бир тобун жамыратып өткөрүп жиберип, бир кезде Ыйманкул эсиме түштү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →