жамын
- Үстүнө бир нерсени жабуу, жаап коюу.
- Үстүн, бетин жаап калуу, каптап калуу.
- Бирөөлөргө, бир нерсеге калкаланып далдалануу, бетине кармап далда кылуу, жашырынуу.
- Бирөөлөргө корголоо, бетине кармоо, бирөөлөрдүн калкалоосу, таасири астында калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түшүп өтөөр бекен, деп, / Жакасынан кол кетпей, / Жаратканга жалынып, / Желбегей ичик жамынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Башына туулга көмөргүн, / Сом темирин өңөргөн, / Далыга калкан жамынган, / Белине темир курчанган, / Беттеп кирсе майданга, / Чыгарчуудай күм талкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сүйлөгөндөн эринген, / Жеңилген нечен мырза көп, / Желбегей чапан жамынган, / Жеткилеңдүү жаштар көп, / Тоту куштай сыланган, / Кыргоол сындуу кыздар көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…н, / Ошол болуп табылып, / Ат көтөрбөй жөө жүргөн, / Байлап койгон пили бар / Пилин мине камынып, / Ач бөрүдөй чамынып, / Башынан берки адаты, / Сыртынан кызыл жамынып, / Жеткирбей, жанын алам, деп, / Жебесин алды камынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Буйрукту сенден алгамын, / Токтобой жетип баргамын / Желбегей желек жамынып, / Турган экен Чачыкей, / Учурап ага калгамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →