жамы
- Бардык, бүт, баары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп угузуп Кененим, / Кеңкула минип камына, / Ок өтпөс тонун жамына, / Атбашыга барууга, / Жоодарды алып жанына, / Караңгынын чапанын, / Калдайтып башка жамына, / Талыкбай жүрүп түн катып, / Эртеси жетип барууга, / Бешимде кетк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Болгунуң деп шаштырып, / Айбаты бар жигиттен, / Айдалган элге баш кылып, / Эр-катындын ыктуусун, / Иш кылуучу мыктысын, / Келин-кыздын баарысын, / Боз уландын жамысын, / Жөөлөтүп айдап олтуруп, / Кангайга сүйрөп айдатып, / Эрлерин кул кылганы, / Күң кылып кызын алганы, / Өз жерине кетирбей, / Тентитип айдап салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сыйкырын кармап алышты, / Анын да эбин табышты, / Периден келген Бануршаа, / Жерине кайта жамышты, / Аккептер тийип Гүлүскө, / Кең Таласта калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Атка минди камына, / Бадана тонун жамына, / Көргөндүн баары таңданды, / Суктанышып балага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Байлоодон алып аргымак, / Жоо кийимин жамынат: / “Атамдан калган кең Талас, / Бир айланып көрөйүн, / Жетим болуп башында, / Жоого аттанып жашымда, / Жеримди толук көрбөдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →