жамда

китептерде 12 жолу, 3 китепте
  1. Жыйноо, жыйынтыктоо, жыйнактоо, жалпылоо.
  2. Бир ишти бүтүрүү, аягына чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түнүндө каңгай камданып, / Тирүү калган кишинин, / Баары калбай жамдалып, / Ортону көөлөп ор казып, / Көпчүлүк түндө бүтүрүп, / Бекбачаны орого, / Алабыз деп түшүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аттанып жолго чыкканча, / Биз баралы анда, деп, / Буйрук берип чоңдору, / Аскердин баарын жамда, деп, / Оору-сыркоо болдум деп, / Бирөөң да жатып алба! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…— деп, / Каадасын кыл анын, — деп, / Хан келгенде каршы ал, / Каршы алганда ат чап, — деп, / Айалдабай бат чап, — деп, / Хан тартуусуз түшчү эмес, / Сарамжалың жамда, — деп, / Аккуланы баш кылып, / Алып кел тулпар камда, — деп, / Аккүбө тонду жапкыла, / Асабаны аскыла, / Алып келип ат-тонду, / Алмамбетке тарткыла, / Салтыбы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Минерге атым байлануу, / Кийерге тонум шайлануу, / Кара жаак, айбалта, / Андай жарак бир канча, / Казынада, жамдалуу, / Өзүңдүн көзүң турганда, / Кем-керчи жок, камдалуу – / Айкандын уулу Көкбөрү, / Соогага берген малынан, / Куйругу ашкан жалынан, / Кулжадай төшү салынган, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…етисууда меники, / Ээн калды жемиш бак, / Ургаачыда мен карып, / Алтын тактан ажырап, / Тапан хан болду бир карып, / Алдыңа келдим, Куткарбас, / Карыптын баары жамдалып, / Элден, жерден ажырап, / Самандан бетер саргарып, / Тер агызып денеден, / Капкайдан келдик сандалып, / Олтурабыз дарт айтып, / Мына мунтип какшанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →