жамгырла

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Жамгыр жаап кирүү.
  2. Жамгыр сыяктуу көп түшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…йпоңдоп, / Күн уйага киргенде, / Көз байланган бүрүлдө, / Качкан киши кутулчуу, / Түнөргөн кара күүгүмдө, / Асманда булут бүркөлүп, / Борошолоп чүмкөнүп, / Күн жамгырлап киргенде, / Нары кетип акырып, / Бери тартып бакырып, / Темирбек деп чакырып, / Бактыбайга тийчүдөй, / Тайарланып качырып, / Тик качырып келатып, / Көмөскөгө к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күн жамгырлап жаткандай, / Тер агып жерге төгүлөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Өнөрү өткүр Алмамбет, / Туулган артык ак ниет, / Алышып жүрүп күн жайлап, / Булуттуу шамал-жел айдап, / Бурганактап бүркөлүп, / Жаап кирди жамгырлап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шыкылдаган Айчүрөк, / Шыпылдап учуп калды эми, / Шыбырган шамал салды эми, / Бөксөнүн башы мөндүрлөп, / Жаканын башы жамгырлап, / Асманда булут тундуруп, / Сегиз сай мөндүр куйдуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Оор эл жатар мезгилде, / Ободон зыркаар жел жүрүп, / Өзөн ылдый зыркырап, / Басылып шамал кеткинче, / Жамгырлап кирди шыбырап, / Ок өтпөс олпок тон кийип, / Ээликкен Сурду ал минип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →