жамгыр

китептерде 108 жолу, 10 китепте
  1. Суу тамчылары түрүндө жааган жаан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошентип Торгой турганда, / Обу жок Отор чоң капыр, / Күүлөгөнө найза сундуруп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Күңүрт сүйлөп тил келбей, / Бурулуп кеткен өңдөнүп, / Жамгырда келген сел өңдүү, / Өркөчтөнүп түрдөнүп, / Ого бетер Торгой кыз, / Жалдырап-жайнап дени өлүп: / “Беттешин көрбөй баатырдын, / Мен кетпедим не өлүп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жамгырда эгин айдаса, / Жел согуп үшүк албаса, / Бышпай чийки калбаса, / Өлчөм деген болбосо, / Таар-таарлап дан алса, / Суудан кемип калбаса, / Чирип жатат жыгачтар, / Отун издеп бир жерге, / Убара болуп барбаса, / Талыгабы кыргыздар, / Ушундай жерге карчашса? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Камынтып Жамгыр кууруптур, / Кечкурун балдар келер, деп, / Кирип чыгып эшикке, / Токтоно албай элеңдеп, / Балта айткан бир кеп бар: / “Жакып, Шыгай бир эле, / Бир катындан эле… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түрө тиктеп Айчүрөк, / Көзүнүн жашы кылгырып, / Семетей менен Чүрөктүн, / Турушуна окшошуп, / Себелеп жамгыр жыбылжып, / Жел жүрбөй дымып токтолуп, / Жердин бети чок болуп, / Тиктеп турган Семетей, / Бут солбуду козголуп, / Хан Бакайды кыйырда, / Айчүрөк күлдү оштонуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жамгырчыны көргөндө, / Кантип токтоп тартынар?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →