жамбы

китептерде 78 жолу, 8 китепте
  1. Койдун, жылкынын ж.б. туягынын формасында уютулган, ар түрдүү өлчөмдөгү жана салмактагы күмүштүн куймалары.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалгыз ооган мен эмес, / Жедигерде сен эмес, / Коросондо коромжу, / Кошо алыптыр ошону, / Отуз миң атын олжо алып, / Аскерин айдап чубатып, / Аны дагы кууратып, / Мангыттардын Калдуубет, / Тактысынан кулатып, / Жамбыл белге түркмөндү, / Ээ кылыптыр таластык, / Муну өзүнө каратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Анда Ажыбай кеп айтат, / Кеп айтканда бек айтат, / Барасыңбы, барбайсың, / Ашкере жооп айтпайсың, / Бармагың тиштеп баш чайкап, / Бир далай туруп каласың, / Кечээ Манас бир келип, / Арабалап жамбы алып, / Алыш алган кездерди, / Чыктыңбы сенин эсиңден? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Артыш, Маралбашыдан, / Тумшук менен Чыландан, / Айкөл, Аксуу, Байлардан, / Жам, Кызыл, Күчөр калаадан, / Башабегим, Көрлүдөн, / Карашаар, Дабанчын, / Сайапу кумдуу шорунан, / Салып жүрүп олтуруп, / Уланбай да эшиктен, / Жамбылга кирчү тешиктен, / Барып кирди Токтосарт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…/ Үй башына бирине, / Колуна уча карматып, / Жай-жайы менен конокту, / Мына мындай жайлашып, / Он беш күн конок алыптыр, / Эл жыргады жай жатып, / Кылга байлап жамбы атып, / Эр сайышып олжо алып, / Эр күрөшү оодарыш, / Аны кошо алпаарып, / Жамбыны атты кыргыздар, / Сайышта жеңди казактар, / Оодарыш менен балбандар, / Төтөгө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп Карчыга "Ким жамбыны атып түшүрсө, ошого кызымды беремин", деп той берип жаткан Ак кандын тоюна туш келет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →