жамбашта

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Бир жак капталына кыйшаюу, бир жак жамбашы менен жатуу, жамбашына таяна таканчыктоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

жандын көзү ачык, / Сүйлөйүн десе тили жок, / Элге кастык кылган, деп, / Элге жаккан эмгеги, / Эрге кастык кылган, деп, / Айбанаттар качкан кеп, / Булар жатса жамбаштап, / Жерге убал болот, деп, / Бул жаткан жерден чөп жесек, / Айагынан суу ичсек, / Бизге убал болот, деп, / Уйлар көрүн ачкан дейт, / Эркелетип эр кылып, / Эрди … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…/ Суу ичпеген Тору аты, / Ырысына жараша, / Эр Чигитей балага, / Жетип барды тору аты, / Барса тирүү Чигитей, / Ырп этерге алы жок, / Жандан башка дайны жок, / Жамбаштап турар шайы жок, / Кубарып өңдө каны жок, / Керсар тартып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эсирген калмак ээн баш, / Эки жылы эс алсаң, / Жаталбайсың жамбаштап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оолуккан Боркош ангыча, / Буруп атын болгуча, / Буудан Сыргак жеткени, / Кыйрынан келип капташып, / Күүлөп найза калганы, / Кый сүбөөгө сайганы, / Күркүрөгөн чоң Боркош, / Жамбаштап өйдө болгуча, / Балта менен керилип, / Кара кушка чапканы, / Кара жерди кучактап, / Калдайып Боркош жатканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Көйнөгүнүн жеңин чыканагына чейин түрүп таштап, аягындагы намыркен өтүгүн жылтыратып, бутун сунуп салып, жамбаштап жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →