жамбаш
- анат. Адамдын, айбандардын санында жогорку башы куймулчак менен, төмөнкү жагы кашка жилик менен ашташкан жалпак сөөк, он эки мүчөнүн бири.
- Дененин белден ылдыйкы бир жак жаны, ыптасы, сандын каптал жагы.
- Дал ортосунан өтүп бир аз кыйшайып, ылдыйлап калган абалга карата колдонулат (көбүнчө ай, жылдыздарга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жан айабай салышып, / Жамбаштан канды агызып, / Чыдаштык кылбай темирлер, / Быркыратып чабышып, / Колунда жарак жок калып, / Койгулашып киришти, / Камчы менен салышып, / Коросондон Балтыркан, / Кокус баатыр неме экен, / Коросондун ичинде, / Мен жалгызмын, дээр экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эшкен чеге жип болсо, / Алып келгин алдыма, / Жамбашыман катуурак, / Өткөндө жакшы уктаймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оорубасын жамбашың, / Сол кырыңда бүгүн жат, / Олтурбагын бул жерде, / Жүрү копкун, такыр бас!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ошуна барбай Кутургур, / Сары артуунун белеске, / Аса байлап Тоосурду, / Колуна салып кишенди, / Бутуна салып чидерди, / Шыпырып алып токумун, / Тердигин салып жамбашка, / Каңгыны койуп какбашка: / — Тамагымды тайарла, / Өзүм турам, ойготпо, / Тоосур атты откозбо, / Өзүм койом копкондо!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Малдан жалгыз кыңыр куйрук, жамбашы чабдар аты бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →