жамандык
- Жаман сапаттар, начар мүнөз, эрки начарлык.
- Кара санатайлык, кара ниеттик, кастык.
- Кырсык, азап, башка түшкөн оор абал, кайгылуу көрүнүш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Укса болот көңүл кир, / Жамандык жерге жашынбайт, / Ашкере чыгат баары бир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
неченден, / Кеп кутулбас чеченден, / Астынан киши өтпөгөн, / Азым деген кечилден, / Каныңды сурап алайын, / Түбүбүз алаш бирге эле, / Жылкычы башчы кылайын, / Жамандык кылсаң, сен кылдың, / Мен жакшылык кылайын, / Арамдык кылдың, сен кылдың, / Кылгылык кылып койуп сен, / Билмемиш болуп жылмыйдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Катышпаймын элиңе, / Карабаймын жериңе, / Сенин кунуң кубам, деп, / Барып калса жериме, / Жамандыкка жамандык, / Айабаймын дегеле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Же жабыла көчүп чуркурап, / Жамандыкты тилейби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетей уулум эр эле, / Кең пейилдүү эме эле, / Кан чыккан деп кеп салсам, / Койчу, энеке, деди эле, / Сенден көрдү жамандык, / Ырас болду дегеле!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →