жаманда
- Жаман жактарын, начар сапаттарын белгилеп көрсөтүү, бирөөнүн жакшы жактарын эске албай, жалаң жамандык жагын, кемчиликтерин гана айтуу, олуттуу негизи жок эле жаманатты кылуучу, кадыр-баркын түшүрүүчү сөздөрдү сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мындай болуп сен өлсөң, / Айкөл шерди жамандап, / Такыр сыйкыр экен деп, / Күмбөздү багып перилер, / Анда жүрөт миң-миңдеп, / Сени ага киргизбейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— Малды буту менен тээп жиберет экен,— деп арзыбаган немелер менен жамандап жатканын да бир укканым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жамандабай бар...— деген болду да, өзүнүн бир эски күрмөсүн берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошондо кетсе жолдо өлүп калат деп чыны менен бизди аядыбы же кызматыбызга кызыктыбы Шаадыкан — дагы баягыдай асылды, бузду, көлдү жамандады, жолдун жан чыдагыс коркунучун айтты, кокус бир жаза тайым болуп, ач талаада жайрап кала турганыбызды да эскертип өттү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →