жаманатты

китептерде 11 жолу, 8 китепте
  1. Жамандаган сөзгө калуучулук, жаман деген атка калгандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манастап ураан чакырып, / Бактыбай тийди качырып, / Кыйкырыгы таш жарып, / Эр Сүйүн кирди бакырып, / Эми калган кыргызга, / Чолпонбай айтат шашылып: / — Жаманатты болбогун, / Ар кайда качып чачылып, / Жалпы кыргыз баарың ук, / Туу козголсо качты, дейт, / Бизден кыргыз шашты, дейт, / Тууну кармап мен турам, / Баатырдын ат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мен Кангайдан келген бир киши, / Кыргыздын күлүн коргоочу, / Жалтангансып баш тартып, / Жаманатты болбоочу, / Асылдын бири Көкчөнү, / Алдырдык аны ойлочу! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алтынай менен Чолпонай, / Ал экөөнө чукулдап: / — Аттанды арстан жолборсум, / О дүйнө кеткен айкөлдүн, / Арбагы сени колдосун, / Оорагың чыкты жаш чакта, / Жаза атып кокустан / Жаманатты болбогун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ай билдиң сен бизди, / Султандан урпак азамат, / Кайраттан калбай тайгылып, / Атага келет жаман ат, / Оо, балам, мурас, жетимдик, / Өчүңдү ал жоодон жетилип, / Жаманатты болбогун, / Намысты колдон кетирип, / Эркиндик бербе душманга, / Күнөөсүн өтпө кечирип, / Сен кечирсең, ал кечпейт, / Башың кетет кесилип, / Касташкан жоо жатч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Эки күндөш Ак кандын кызын көрө албай, кайынсиңдисин багалбай өлтүрүп алыптыр деген жаманаттыга калтырыш үчүн "кыздын башын сен кара, ошондо мен мээсине темене кагайын, ошентип кызды өлтүрөлү", – деп кеңешип, Ак кандын кызыныкына келишет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →