жаманат
- Жаман деп айтылып калгандык, жаман сөзгө чалынып калгандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тирүү туруп Бекбача, / Жаманатка конуптур, / Кырылып кыргыз, болупсуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алмамбетке ал жетөө, / Жабыша бекем калышып: / — Баатыр берди сизге, деп, / Байыбыз болдуң бизге, — деп, / Жан кудайга аманат, / Айкөл берсе албастан, / Алмамбет таштап кетти деп, / Бизди кылба жаманат, / Кайда кетсең ала кет, / Артыңа баатыр сала кет, / Жети чоро чуулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир жылы кылгын уруксат, / Камынайын күтүнүп, / Калкын укса жаманат, / Аңгычакты кудайым, / Сактасын өзү саламат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ат-тонуңдан айрылып, / Боло көрбө жаманат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ «Арбагың азыр жолдо — деп, / Атакем, мени колдо — деп, / Калганга кылбай жаманат!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →