жаман-жакшы
- Ар кандай, аркы-берки.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бактыбайга Кененим: / — Жаман-жакшы иш болсо, / Мага кабар салгын, — деп, / Ээлик болгун элиңе, / Жаман атты болбо, — деп, / Таластык такыр аттанды, / Арбагы Манас колдо, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мен жүрөмүн күмөндөп, / Ак пейли жоктой көрүнөт, / Тажиктердин Темирбек, / Жашырышпай айтышып, / Жаман-жакшы күмөн кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сынына Гүлүс толтурду, / Жаман-жакшы иш билген, / Жайы бар бала экен деп, / Жатар мезгил болгондо, / Каргалдай менен Акмаңдай, / Короо кезүү бизде, деп, / Салынарын, жабарын, / Ташып чыгып аларын, / Атасы менен конокко, / Төрүнө салып кең төшөк, / Короого чыгып кетишти, / Алмак болуп кабарын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →