жамакчы
- Жамоочу, жыртыктешиктерин жамай турган (мис. өтүкчү).
- Уйкаштырып, куюлуштуруп, меселдетип айтуучу акындык өнөрү бар киши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Уңгусу болот, учу курч, / Учуна салам кара курч, / Чиркейдин тумшугунан курасам, / Чочконун сийдигине сугарам, / Сабындагы жыгачын, / Он эки түрдүү кырдатам, / Үн чыгартып ырдатам, / Отуз эки түр менен, / Ойуу-чийүү сырдатам, / Тийген жерин ырбатам, / Мындай найза болбойт, деп, / Жамакчыга ырдатам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тийген жери ырбаган, / Жамакчылар ырдаган, / Алжайгандан малжайган, / Башка чапкан адамы, / Баарысы аман калбаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Манастын үйү башка деп, / Жамакчылар ырдаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Атадан калган коргонду, / Жамакчылар ырдашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →