жамакта
- Жамаачы салып жамоо, жамаачылоо.
- Сөздөрдү биринин артынан бирин куюлуштуруп, уйкаштырып айтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ат байгесин алышып, / Жандай чаап канчасы, / Соогат сурап жанашып, / Ырчылар ырдап жабырап, / Ат менен ээсин жамактап, / Ар экөөнү тең мактап, / Чирене тээп кайкайып, / Кирип келет жалтактап, / Ырчынын антип жүргөнү, / Азын оолак мал тапмак, / Ат ээсинин көөдөнү, / Чыга түшөт чалкактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айтканбыз башта жамактап, / Кенколдун жери жагдайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көк букачан Мадыкан, / Күңгүрөнүп бул айбан, / Кошуна барып далпайып, / Ашпоздору ашыгып, / Жапа тырмак камдашып, / Жалгыз жеген тамагын, / Жамактап аз айталык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →