жамак
- Кийим-кечек ж.б. жыртылган, айрылган жерине салынып тигилүүчү жамаачы, жамала турган материал.
- өт. Сөздү же ырды уйкаштырып, биринин артынан бирин куюлуштуруп, эптештирип айтуучу акындык чыгармачылыктын бир түрү.
- өт. Идеялык-көркөмдүк деңгээли төмөн, автордун жеке стили көрүнбөгөн, көбүнчө ар кимдин даяр саптары, ойлору уурдалган, жетилбеген ыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлтүрөт экен аны деп, / Жамакенин камын жеп, / Бала Тубаш жетти эми, / Дабытайды колтукка, / Муштап өтүп кетти эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тийишпеген кишиге, / Мен тийбейм Кененим, / Тийишип келсе Отордой, / Талпагын ташка керемин, / Жалганы жок жамаксыз, / Анык болсо чын кебиң, / Ээсиз калган муңгулдан, / Жыйнап келген аттарды, / Баарын, шибе, саа бердим, / Сайып алдым Оторду, / Мен аламын дебеймин, / Шибелер …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эшигин таап “Көйкаптын”, / Бейжиндин шаарын басканың, / Жалган эмес ачканың, / Жамагың элге айтылып, / Акырга калар дастаның.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өлсөм жандан кутулам, / Өлбөй тирүү болгондо, / Жаман катын, жаш бала, / Жабырап айтат жамак кеп, / Жаладан кайдан кутулам, / Үмүтүм үзүп жаныман, / Өлүмдү алып мойнума, / Эминеден коркомун?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →