жама2

китептерде 24 жолу, 7 китепте
  1. Кийим-кеченин ж.б. жыртылган, айрылган жерин тигүү, жамаачы салып тигүү, жыртык-тешикке жамаачы коюп бүтөө, жамаачылоо.
  2. Сөздү же ырды уйкаштырып, биринин артынан бирин куюлуштуруп айтуу, кураштыруу, жамактатуу.
  3. өт. Жармаштыруу, жабыштырып тагуу, таңуулоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Батак айтып бар кебин, / Бардап көзүн жаштады, / Жамап-жалгап айтпады, / Жашырбай чынын айтканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Суратыптыр Акбалта, / Сөзсүз берет Буудайык, / Кийерге келет Ак олпок, / Бузулган жерин оңдоймун, / Үзүлгөн жерин улаймын, / Була салып булаймын, / Жыртылган жерин жамаймын, / Кыргагын алтын чордоймун, / Чыраш тартып сыртынан, / Жибек менен тордоймун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алы келбей Желмогуз, / Качып келип бул жерге, / Тапан ханга кыз болуп, / Саа тийемин мени ал, деп / Сейит менен урушсам, / Болуп бергин жардам, деп / Жамап айтып жалган кеп, / Биздин элди кырдырды, / Кымызга сууну куйдурду, / Кылчылдашып урушуп, / Кызыл каны чубурду, / Менден уксаң кеп ушул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Уламадан укканды, / Учур бастан мен айтам, / Жашырбайын, жаппайын, / Жалганда болгон чынды айтам, / Акыл жетпей баш ооруйт, / Баштан айак чырды айтам, / Жалгандан жамап жазбайын, / Үйрөнүп алган ырды айтам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →