жалындуу
- Жалыны бар, алоолонуп жалбырттаган.
- өт. Өткүр, курч, кайраттуу,: күчүнө толгон, кызуу демилгелүү, жигерлүү.
- өт. Жагымдуу, ысык, адамды өзүнө тарта турган, делебе козгогон, кызытып шыктандырган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чай кайнамча турганда, / Салмагы темир даты өттү, / Жалындуу жүрөк чогу өчтү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…чи”, / Кетирип шайын анетип, / Көк куштан бетер чырт этип, / “Каалаган атың мингин – деп, / Кайра бачым келгин” – деп, / Айтканың элге дайындуу, / Азамат кетти жалындуу, / Анты-шертин тапшырып, / Акырегин жаш кылып, / Чыгарында соо койбой, / Мойундарын узартып, / Билегин түрүп муш атып, / Канжарын шилтеп канчасы, / Кылычын урд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаш башымда жараткан, / Жалындуу ичке салдың чок!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жалпак таштын бетине, / Жалындуу отту жагыңар, / Сөөгү менен эттерин, / Жалпы баарын салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мына, большевиктердин силерге бере турган сыйлыгы...— дегендей жалындуу, жандуу сөздөрдү сүйлөгөн.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →