жалындай

китептерде 28 жолу, 6 китепте
  1. Жалынга окшош, жалын сыяктуу.
  2. өт. Өткүр, эч нерседен жалтанбас, кайраттуу, Комсомолдор өрт жалындай өрчүгөн, Душман коркуп батына албайт көркүнөн (Барпы).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кабагы кашат жапыздай, / Эки көзү бултуйуп, / Жаңы чыккан тарбыздай, / Айдаары аттын жалындай, / Учкун учуп от чыгып, / Көзү кызыл жалындай, / Асылдын атын укканда, / Алдында атын камчылап, / Ачуусунан жаш чыкпай, / Көздөн каны тамчылап, / Күүлөп сунган… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Эч кимге алын айтпаган, / Көрүнүп ажал турса да, / Башын булгап качпаган, / Сан- санаксыз жоо келсе, / Сабылып коркуп шашпаган, / Көптү көрсө күч алган, / Өрт жалындай тутанган, / Намыска белин буунган, / Кан менен колун жуунган, / Кан төгүшкөн ким болсо, / Чечекей чукуп көз алган, / Боорун жарып өт алган, / Кара дебей, баш д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чыга калсам сеңирден, / Бойу тоодой керилген, / Бели кындай кең белбоо, / Кебез өтүк Кендирбай, / Аркасында айдары, / Тору айгырдын жалындай, / Көзү көлдүн буткулдай, / Көрүнгөнү жуткундай, / Жанказандай башы бар, / Жаткан иттей кашы бар, / Сакалы саадак кабындай, / Жакшы чыккан муруту, / Чоң балтан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муруту балта сабындай, / Көзүнөн чыккан учкуну, / Көөрүктөн чыккан жалындай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Андан кийин баладан сырды сурап билип, Адылдын үстүнө Мадыл, экөөнүн үстүнө өрт жалындай Жалын барат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →