жалында

китептерде 84 жолу, 9 китепте
  1. Алоолонуп, балбылдап күйүү, лапылдап жалын чыгаруу.
  2. өт. Кызуу демилге көрсөтүү, илгери карай умтулуу, кызуу өркүндөп күчөө.
  3. өт. Өткүр, курч болуу, кайраты ашуу.
  4. өт. Кайгыруу, капалануу, катуу кыйналып кейиште болуу.
  5. өт. Денеси ысып чыгуу, температурасы жогору көтөрүлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ны жалтанбай, / Найза менен муштады, / Сайдырбастан Бекбача, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Асман тиреп заңкайган, / Үстүндө Алтай тоо алып, / Айагы жагы сыр койук, / Адамы жүргүс чөл алып, / Орто жери Арал көл, / Каз кечпеген көл алып, / Жүрөгү күйүп жалындап, / Кыз торгойдун нуру алып, / Кайратка толду жаш баатыр, / Айлана курчап кол түштү, / Каңгайдан келген беш баатыр, / Күндө кызык урушу, / Бүтпөй күндө күч алып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыйкырыгы таш жарып, / Таштан өтүп баш жарып, / Колундакы найзадан, / Жалындаган от жанып, / Аркасында чаң калып, / Дабытай менен Ачакан, / Эр Кесилет жанаша, / Карап турду таңданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Түлөөкөнү Бөлөкбай, / Дөө Кошойго жумшады, / Биздин үйгө баралы, / Кошой келер аңгыча, / Эми карап жатпайлы, / “Кишинин атын мингендин, / Эки көзү жалында, / Кишинин тонун кийгендин, / Эки көзү жеңинде”, / Айтса-айтпаса бул макал, / Түпкүлүктүү кеп эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалгыз жүргөн Сейити, / Азыр бүгүн төрт болду, / Он эки миң сап аскер, / Жалындап күйгөн өрт болду, / Тапан хандын жүрөгү, / Ордуна турбай козголду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →