жалын1

китептерде 446 жолу, 10 китепте жалын 2 →
  1. Күйүп жаткан оттун үстүнөн көтөрүлгөн алоо.
  2. өт. Эпкин учкуну, кызуулук, көтөрүлгөн кызуу демилге.
  3. өт. Өткүрлүк, курчтук, алга умтулган кайрат.
  4. өт. Кайгы, капа, өкүнүч, сыздаткан кыйноо, түйшүк, азап-тозок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтса айтпаса ырас кеп, / Бөлүнүп барып Каракөз, / Үч авазир, өзү төрт, / Ажырап калып калкынан, / Ичи жалын кызыл өрт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жалынып сурап жооп алдым, / Тамактанып тойунуп, / Анан кайта барамын, / Алым келсе аламын, / Алдырсам өлүп каламын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…к атылат, / Милте күйүп ок учат, / Үн угулуп тарсылдап; / Эки тактай басканда, / Жолборс, шерлер качырат, / Азуулары качырап, / Дөөлөр чыгат артынан, / Көзүнөн жалын чачырап; / Ошол жерге келгенде, / Ойрон Алмаң муну айтат, / Олоктогон Чубакты, / Алмак үчүн бир сынап: / — Мингениң буудан Көктеке, / Жүрөктүү эле эркекче, / Ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…р десе эп келет, / Арка жүнүн караса, / Тынар десе эп келет, / Ырысына караса, / Майпоз десе эп келет, / Канат сынын билгенге, / Жапкан ат десе эп келет, / Көз жалынын билгенге, / Келтебоз десе эп келет, / Туур сынын билгенге, / Ыбыкыз десе эп келет, / (Табын тапсаң күндө кыз, / Табын таап салбасаң, / Мээлейиң алып көтүң кыс)… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошол эле күнү кечке жуук баланын үстүнө баягы митайым вазир келип, баланын астында ыйлап-сыктап, жалынып-жалбарып жатканын сакчылар угуп, аны ханга айтып барышты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →