жалчы2
- Жарытылуу бир нерсеге жетишүү, жаруу, кенелип калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өзү билги билүүчү, / Кайда болсо кетүүчү, / Калдайтып калың мал айдап, / Кай бир кезде келүүчү, / Жалчы-жакыр, мискинге, / Олжомду ал, деп берүүчү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алтыны кумдай чачылып, / Казына оозу ачылып, / Карып, жалчы, мискиндер, / Миң койлук оокат табышып, / Койун-кончко каткан бар, / Чөнтөгүнөн ашырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир күндүк болсо көөнүңүз, / Бир кыз таап келейин, / Түбөлүк жармын дебеңиз, / Ачык жообуң бериңиз, / “Ойносоң ойлоп айткын” деп, / Билинип калды пейлиңиз, / Жашырган менен батпады, / Жарылып калды кебиңиз, / Жаркабак кеби ырас, деп, / Бузулган болсоң мейлиңиз, / Буйткап кебиң тангыдай, / Жалчы эмес тегиңиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ашкан-ташкан тамакты, / Жалчы менен ит ичет, / Эки сапар жылытса, / Андан башка ким ичет?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кызылда хандын өзү бар, / Калкка айтчу сөзү бар, / Агында Чүрөк жатуучу, / Кыркы келин кыркы кыз, / Сексен киши жолдошу, / Тамашага батуучу, / Жалаң кыздан жалчысы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →