жалтырак
- Жалт-жалт эткен, жаркырак, жаркылдаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дегенди сурай калды эле, / Конушбай айтат ошондо: / — Тээ алыстан көрүнгөн, / Жайылып жаткан жалтырак, / Лопнурдун көлү эмеспи, / Ушул турган белибиз, / Алдайгырга ашуучу, / Чиндилдин бели эмеспи?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алатоо бойлоп көчкөн журт, / Аркайган тоодо өскөн журт, / Кирин карда жууган журт, / Киндигин музда кескен журт, / Заңкайган нечен тоо менен, / Салгылашып келген журт, / Ак элечек арсак тоо, / Жалтырак муз, аппак кар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Качырдын оозун бурганы, / Балтасын алды колунан, / Ал Чубакты урганы, / Чубак карап турбады, / Муздай аппак жалтырак, / Балтасын бул да алганы, / Башаламан урушту, / Булар баштап калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…үнөн кымылдап, / Көк асманда көп жылдыз, / Күлгөндөй болуп жымыңдап, / Уйалгансып кай бирөө, / Үлп-үлп этип кымыңдап, / Ай чыкты кырдан жаркырап, / Ташка түшүп жалтырак, / Айылда жүргөн бири жок, / Камандын баары калтырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
…ңгыча, / Сомбилектин караанын, / Көрүп калды бир чакта, / Бастыралбай ыргылжың, / Ой ойлоду бир канча: / “Төрт айдан бери кыдырып, / Ак карлуу тоону сыдырып, / Жалтырак кара таш басып, / Айырмачтай бел ашып, / Ашууда азап көп тартып, / Чөлдө жүрдүм кыйналып, / Ысыкта суудай тер агып, / Кашкардан бери айланып, / Жардамга жан та…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →