жалтыра

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Жалт-жалт этүү, жаркыроо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалтырап жаткан көлүнө, / Чалкайып жаткан төрүндө, / Какырында, сазында, / Эки канат, төрт айак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…чудай сайылып, / Тоголотуп кетчүдөй, / Толкун уруп жабылып, / Арык уйдай солкулдап, / Үшүп барат кайыгып, / Ак жалданган көл болду, / Адам тепсеп турган жер, / Жалтыраган муз болду, / Үч кубулуп жер бети, / Мына мындай иш болду, / Найзасын уруп кагышпай, / Кылычын күүлөп салышпай, / Чымырканып тиштенип, / Же чыкыйга балта чабышп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куткарбастын колунан, / Кылыч түштү шаңгырап, / Жалпагынан жатканы, / Кумга түшүп жалтырап, / Чыканакка балта жеп, / Каржиликтен найза жеп, / Тай торпоктой булчуң эт, / Жерди карай салаңдап, / Айласын таппай Куткарбас, / Маңдайда көзү алаңдап, / Чокм… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…бы турбай шолоктоп, / Кындан кылыч алышып, / Жаркылдаган кылычтар, / Чаптырбай кайра кагышып, / Кеспей мизи жалпайып, / Жарылып сырты алжайып, / Кылычтар калды жалтырап, / Канжар жатат баркырап, / Чойун баш калбай быркырап, / Кырк кабырга, омуртка, / Кырын бузбай зыркырап, / Бирин бири тиктесе, / Азуулары кычырап, / Баштары оо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Маңдайында жалгыз көз, / Толгон көлдөй жалтырап: / «Атамдын аты Нескара, / Калдайдын уулу Коңурбай, / Таласыңа барганда, / Талаалатып кыргыздар, / Такыр сайып алыпсың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →