жалтыр
- Жалкаяк, жалтыраган, өтө жылма, жылмакай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…й, / Узун бойлуу кең далы, / Эмикинин балбаны, / Өтө сулуу кызталак, / Меңсиз бети апаппак, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Баатырлык сыны таанылат, / Сары кирпик, жалтыр көз, / Шыңга бойлуу кагалес, / Өтө кыйын чабандес, / Жүрөгүндө кара жок, / Жазганып калар эр эмес, / Минген аты төрт айак, / Чаалыгып калар мал эмес, / Таамай …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалтыр ташка тийгендей, / Найзасы каңгып чыкканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бастырып чыкса түгөнгүр, / Найза колдо жалтырар, / Карыса да Жамгырчы, / Кайдан мындан тартынар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жалтыр ташка дарт айтып, / Өткөндөргө арыз айтып, / Жакасы ылдый жаш чачып, / Сомбилектей жаш айтып, / А капырай бир шумдук, / Тоо дүңгүрөп, суу толкуп, / Замана башк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →