жалтылдак
- Жалт-жалт эткен, жарк-жарк этип туруучу жаркырак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ишимдүү залкайып, / Булгаары тердик беш кадак, / Бурчунда, чеге жаркылдап, / Кундуз менен жээктеп, / Куйушканын байлабай, / Күмүш менен тээктеп, / Үзөңгү күмүш жалтылдак, / Тогоосу алтын жаркылдап, / Артайыл, тогоо алтындан, / Сарамжалы артылган, / Ээр-токумдун жанында, / Бара албай киши тартынган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көкөй менин катыным, / Жаш балага жагынып, / Жалтылдак мончок тагынып, / Көөнүн бузду ал бетбак, / Жашырбай айтып баары ишти, / Алдыңа келдим ушул чак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →