жалтылда
- Жалт-жалт этип жаркырап көрүнүү, жаркыроо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / Келди айылга чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагылып жалтылдап, / Айбаты элди коркутуп, / Тармалкөк менен булкунтуп, / Алы келбей оозуна, / Алоолонтуп жулкунтуп, / Кутурган иттей арсылдап, / Азуулары карсылдап, / Жер дүңкү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алтындан кылган чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Он эки буттуу чоң чачпак, / Аркасында шаркылдап, / Түймөсү жакут, кохар таш, / Көз уйалып жалтылдап, / Айчүрөк жеңең ал турат, / Үй мүйүз тартып карашып, / Ак калпак кыргыз эл турат, / Кыз-келин күлүп шыңкылдап, / Айлана басып тосоттоп, / Боз улан турат кылкы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шамал тийсе жалтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →