жалтанбас
- Тайманбас, кайраттуу, өткүр, тартынбаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балалык кылып калтаарбас, / Кызыл кан агып чайкалса, / Кылчайып артын карабас, / Асман тиреп от күйсө, / Башын тартып жалтанбас, / Баатыр экен кызталак, / Тентип кетсек ар кайда, / Теңдешип ага ким чыдайт?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…инип очойуп, / Кабагы жерге салынып, / Каарга найза илинип, / Буура тартпай бул доңуз, / Келте мурун, кең беттүү, / Алп мүчөлүү келбети, / Суумергендин уулу, / Жалтанбастан Сейиттен, / Жан айабай качырган, / Өзү мыкты шамдагай, / Өрттөнгүрдүн ырааңы, / Өрттөнүп кеткен арчадай, / Телкүрөң минген Сейити, / Капталынан бир муштап, / Ө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жалтанбаган эр неме, / Кирип келди чукулдап, / Карап турган Тапан хан: / — Кандай неме келаткан, / Жалгыз башым миң турсам, / Жалтанбастан келаткан?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Алтымыш миңде акыл жок, / Аскердин ичи жалын чок, / Жалгыз жүрүп аралап, / Жалтанбас мындай баатыр жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →