жалтан
- Жазганып башты булкуп алуу, жалт берүү, чочуп селт этүү, тик карай албоо.
- Тартынуу, жазгануу, ийменүү, жалтайлоо, батына албоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачаны жалтанбай, / Найза менен муштады, / Сайдырбастан Бекбача, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган о…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Ойлоп койгун ойнум жок, / Ичим жалын, боорум чок, / Кененим, сенден саламат, / Жалтанып калар жерим жок!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күүгүм туман көздүү экен, / Майлаган буудай жүздүү экен, / Ачуусу келсе кокустан, / Азырейил түстүү экен, / Кулагын көр калкандай, / Тийчүүдөй турат жалтанбай, / Кулжуңдашкан кишини, / Майдалап койсо эрки экен, / Чоңдугу төөнүн нары экен, / Толкуну көлдүн шары экен, / Салкыны сырттын жели экен, / Салышаар бенде ким э…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…з кир кабак, / Чолок ээк, дөң маңдай, / Каржиликтен булчуңу, / Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуйуп, / Кысыр эмди танадай, / Жамынган темир тону жок, / Жалтанып калаар пейли жок, / Аккаңгы ээр алтын каш, / Мингени тоодой чоң сур ат, / Ошончо элден бөлүнүп, / Четке чыгып келатат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жараксыз өзү турса да, / Жалтаныш жок ойунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →