жалтакта
- Тике батынып карай албоо, жалтаңдоо, жазгануу, коркуу, тайсалдоо, тартынуу, жалтайлоо, ийменүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ат байгесин алышып, / Жандай чаап канчасы, / Соогат сурап жанашып, / Ырчылар ырдап жабырап, / Ат менен ээсин жамактап, / Ар экөөнү тең мактап, / Чирене тээп кайкайып, / Кирип келет жалтактап, / Ырчынын антип жүргөнү, / Азын оолак мал тапмак, / Ат ээсинин көөдөнү, / Чыга түшөт чалкактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тиктеп койуп Сейити, / Өтө берди элеси, / Тапан хан турду каңгырап, / Баарысы турду жалдырап, / Конушбайды жей албай, / Жемек турсун эске албай, / Жай алып мында туралбай, / Жалтактаган щум канчык, / Качмак болду жай албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тик айталбай жалтактап, / Сейит турса жанында, / Жай айткан жалпак тил менен, / Коркурап кочкор үн менен, / Саймалап сөздү түр менен, / Кээ кезинде чочутуп, / Илмек түйүн сүр менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Анткени, солдат бербейли деп ага чыдабай, берели десе «эгер бизди солдатка кармап берчү болсоңор, алды менен силерди жайлап туруп, анан кетебиз» деп колуна түкүрүп, дүркүрөп, бирден көтөрүлгөнү турган калың букарадан айбыгып, артын качырып, жалтактап турган эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бий, болуш, манаптар өңдөнгөн кыргыздын эл билермандары болсо, ушул окуя башталгандан тартып, бир бет алып кете албай, эки ортодо жалтактап калып, аягында калың букаранын күчүнө көзү жеткен соң, көпчүлүккө эрксиз баш ийип, элдин кур шарданында гана жүрүп калган эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →