жалт

китептерде 63 жолу, 10 китепте
  1. Кыймыл-аракеттин тез арада, чукул, дароо, ошол замат боло калышын билдирүүчү сөз.
  2. Көбүнчө жалт-жалт, жалт-жулт формаларында.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жана турду ордунан, / Сазандынын бир карап, / Маңдайда көзү жалт этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Караңгыда тааныбай, / Бул саламат деп келди, / Айра таанып Кененди, / Кабылан сындуу беренди, / Шек алдырбай баатырга, / Качырып найза салалбай, / Кайра качты жалт берип, / Чактап билген Кененим, / Ачакандын абалын, / Чылбырынан кармады, / Кеңкула менен тап берип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Менин атым Сарала, / Жүрөгү тайкы жалтанчаак, / Өтө жука мал эле, / Алдына чымчык учса да, / Жалт бермей жайы бар эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Зор Бакайды жалт карап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Качырып барып жетти эле, / Найзанын учу жетерде, / Капталга койуп кетерде, / Кыйын экен Суркойон, / Кыйа тартып жалт берип, / Коктудагы койондой, / Аркасынан кылт берип, / Уйалбастан Канчоро, / Өкүргөндөн бакырып, / Хан Кыйаздап чакырып, / Кыйазга жетип барды эле: / «Катыгүн, Кыйаз, болбоду, / Сары хан, элди оңдоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →