жалпылда

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Желп-желп этүү, желбирттөө (көбүнчө жумшак, жука тилке-нерселердин же отту жалындаган кыймылына карата).
  2. Абдан элпек мамиледе болуу, эпилдеп-жепилдеген мамиледе болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ага чейин батыштан, / Тополоңдоп тос чыкты, / Топурак учуп боз чыкты, / Жалпылдап желек туу чыкты, / Тоо бузулуп жер солкуп, / Кернейдин үнү чуу чыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалгыз кыргыз карачы, / Жалпылдатып туу жайган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Желеги желге- жалпылдап, / Жез барабан- карсылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Катын ачык-айрым, жалпылдаган неме. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →