жалпы

китептерде 134 жолу, 9 китепте
  1. Бүт, бүткүл, баары, жапырт, чогуусу менен, бардыгы, текши.
  2. Көпчүлүк, көпчүлүк эл. Атагың дайым белгилүү, Ак калпак кыргыз жалпыга (Токтогул).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айырмабыз канча бар, / Барган киши кайта бар, / Менин айткан кебимди, / Төкпөй-чачпай айтып бар, / Жалпы кыргыз туташып, / Биригели, тил алса, / Коросон менен испандын, / Кошуп алсын олжосун, / Болбой койуп Каракөз, / Өзү шылдың болбосун, / Кененим бүгүн өзү жаш, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айылдын баары жайылып, / Жалгыз келген баатырга, / Жалпы чыкты жабылып, / Чигитей түшүп эсине, / Торгой турду айыгып, / Батыраак кирсе экен, деп, / Көлдөлөңдү унутуп, / Тиктеп турат зарыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жебенин огу жетиптир, / Жер тайанып он беши, / Жалпы баары шылк этип, / Алтымыштын отузу, / Ойрону чыгып кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Деп бакырып Чынаача, / Жарлык кылды калкына, / Бүткүл ооган жалпыга, / Асабанын баарысы, / Кыргызды карай кылкылдап, / Жылып келе жаткандай, / Жердин бети былкылдап, / Балбандын баарын торунан, / Баардыгын бирдей агыткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда Гүлүс муну айтат: / — Жарым ооз кебим бар, / Жалпы баарың угуңар, / Ырайдан жанса Канчоро, / Ага ырайым кылыңар, / Жаман болбос мунуңар, / Жакшы берди кеңешти, / Абам Бакай билсин, деп, / Хан Сейитек уулуңар, / Энем менен жеңекем, / Акырында ушулар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →