жалпаңда

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Кичи пейилдик менен өтө элпек мамиле кылуу, жакшы кабыл алуу.
  2. Жагынуу, кошоматтык кылуу, көшөкөрлөнүү аракетинде болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Катышып келсең карпаңдап, / Мен качпаймын балпаңдап, / Канча келсең анча кел, / Атам Манас болгон соң, / Жалынбаймын жалпаңдап, / Эми кандай болом деп, / Эми коркпоймун талтаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Жедигердин беш киши / Каракөз баштап кошулуп, / Беш уруктун аскери, / Бетирке баштап отуруп, / Бадакшан барды балбаңдап, / Каарынан коркуп калтырап, / Хан Калдыкка жалпаңдап, / Бет келалбай Каракөз, / Кийин калды аркалап, / Хан Калдыктын үстүнө / Хандар кирди чалкалап, / Эшикте калды Каракөз, / Түз басалбай калтаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жагынып жүрүп, жалпаңдап, / Жетишип калган чагы экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тапан хандын алдында, / Жагынып жүрүп жалпаңдап, / Кармашарга жоо болсо, / Жан айабай далбаңдап, / Бир катынча болбодук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жакшы сөз айтса көрүшүп, / Жалпаңдашып калбаңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →