жалпак
- Тоголок же кырдуу эмес жайыгынан келген, жазы, жайпагыраак.
- Жапыз, анчалык бийик эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кеткенин билип калмактын, / Катын баасы арбактын, / Сары жашыл жалпак бет, / Намысы жок акмактын, / Аркасында аскерди, / Абалы кантер экен, деп, / Акмалап туруп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ачкан оозун жумгунча, / Айткан кебин тыйгынча, / Жалпак тилдүү жатыгай, / Балтырын жанында турган Ажыбай, / Колунан бирөө тарткандай, / Ыргып туруп ордунан: / — Буйрук кылып кат берсең, / Булуттан күлүк ат берсең, / Төгөрөктүн төрт бурчун, / Төрт айлана мен чабам, / Ошонун жолун мен табам, / Хандарга кабар мен салам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалпак таштын бетине, / Жалындуу отту жагыңар, / Сөөгү менен эттерин, / Жалпы баарын салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ — Деп, ошентип айтканда, / Ачуусу келип Канчоро, / Алы жок турган немени, / Жалпагы менен балтанын, / Далыдан ары чапканда, / Үстөмөндөп жыгылып, / Мурдуна топо тыгылып, / Оозунан каны куйулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мында ар кайдан жыйнап келип салган он чакты кишиден башка Солтонун бир тууган инилери Айылчы, Көчкүн, Муканбет дегендер бар, Көчкүндөн улуу, бирок андан бою жапалдаш, былчыйган, жалпак мурун, боз бучук бала, кишиге сүйлөсө дайым какшык менен келет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →