жалпай
- Кандайдыр бир оор күчтүн таасири астында жалпак абалга келүү, былчыюу.
- өт. Жалпыйып кыйшайган же жапырайган көрүнүштө болуу, жапыз же жалпагынан келген, жепирейген көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кекилик болбой кутулуп, / Бекбачанын алдына, / Баары келди чубуруп, / Каадасынча Бекбача, / Салам айтып карыга, / Андан калган баарыга: / — Бириң калбай кайтып кет, / Жалпайган үй, жайган мал, / Ээлик болгун оокатка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененимдин туулгасы, / Жалпайа түшүп токтоду, / Саранжанын туулгасы, / Дал-дал болуп жок болду, / Кылычын тартып кынынан, / Тең жарам деп ойлонду, / Кененимди кырынан, / Кененимдин кылычы, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Андан бери карасам, / Кара тоо турат калкайган, / Жондор-жондор дүңкүйүп, / Кыраандары арсайган, / Ортосу саргыч көрүнгөн, / Тоолору турат жалпайган; / Андан да бери карасам, / Катар-катар тамы бар, / Калың эмес, жок эмес, / Орто-карта багы бар, / Айландыра карадым, / Айра биле албадым, / Элеси көзгө көрүнө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Жарылып сырты кеткенде, / Мизи сынып бүткөндө, / Сабы турбай шолоктоп, / Кындан кылыч алышып, / Жаркылдаган кылычтар, / Чаптырбай кайра кагышып, / Кеспей мизи жалпайып, / Жарылып сырты алжайып, / Кылычтар калды жалтырап, / Канжар жатат баркырап, / Чойун баш калбай быркырап, / Кырк кабырга, омуртка, / Кырын бузбай зыркырап, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эл чогулган коргонун, / Кара кыргыз борборун, / Жалпайта басып өттү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →